Connect with us

Депутат Икрамов «Асанбай» кичирайонундагы үйлөр тууралуу маселе көтөрдү

Кыска кабар | 30 Янв 2024 | 305 | 0

Бишкектин 12-кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 30-январдагы жыйынында маселе көтөрдү.

«Асанбай» кичирайонунда тектоникалык жарака болгонуна карабай, көп кабаттуу үйлөрдү курууга эмнеге уруксат берилип жатканын сурады.

«Советтер Союзунда 8-9 балл күчүндөгү жер титирөөгө туруштук берген үйлөрдү курууга уруксат берилген. Бүгүнкү күндө 12-кичирайондо ар ким өзүнүн долбоору менен эле үй куруп атат. Бирок алардын сапаты кандай?» —  деп сурады депутат.

Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев 12-кичирайондо көп кабаттуу үйлөр курулбасын деген так тыюу жок экенин, долбоордун сапатына жараша уруксат берүү маселеси караларын айтты.

«Бишкек шаарынын башкы планы, анын ичинде түштүк аймактын планы боюнча иш алып барабыз. Бүгүнкү күндө Орто-Сай жак чек арада тектоникалык жарака бар. Ал беш аймакка бөлүнгөн. Биз ошонун негизинде долбоорлорго уруксат берүү маселесин карайбыз. Мисалы, төртүнчү зонага 3-4 кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат берилген. Андан өйдөрөөк болсо, жогорку сапатта жасалат. Үйдүн канча кабаттуу экени эмес, курулуштун сапатына маани берилет», — деди ал.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-январга караган түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында  күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын аймагында 6 балл,  Каракол шаарында жана Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес. Бул кырсыктан кийин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде жумушчу топ түзүлүп, Бишкектеги жана айланасындагы турак үйлөрдүн абалын текшерди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM