Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн биринен баш кийимдерди мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныктады.
Маалыматка караганда, «Ош» эл аралык аэропортунда товарларды эсепке алуу пунктунан башка өлкөнүн жараны 152 норка тумагын мыйзамсыз импорттоого аракет кылган. Импорттоочуда товарга тийиштүү эч бир коштоочу документ болгон эмес.
Салыкчылар товарды тартып алып, тиешелүү материалдар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди.