Connect with us

Кымбат баалуу платаларды сатууга шектелген аскер бөлүгүнүн башчысы кармалды

Кыска кабар | 27 Янв 2024 | 1346 | 0

Аскер прокуратурасы аскердик радиолокациялык станциянын баалуу металдарын сатып жиберүүгө шектелген жетекчини камакка алды.

Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринде аскердик мүлктөрүнүн сакталуусу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, сакталуудагы “Терек” комплексинин радиоэлектрондук аппаратураларында орнотулган кымбат баалуу металдар (алтын, күмүш, платина, палладий) камтыган 2 млн 112 миң сомдук платалардын жоктугу аныкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337 жана 210-беренелери («Кызмат абалын каянаттык менен пайдалануу, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») менен иш козголду.

Аскер прокуратурасы тарабынан аталган аскер бөлүгүнүн командири Р.Я. УКМКнын Аскердик контрчалгындоо башкармалыгынын кызматкерлеринин ыкчам коштоосунда кармалып, камакка алынды.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка жоопту кызмат адамдарын аныктоо максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM