Аскер прокуратурасы үч командирге кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Алар «катардагы аскерлерди сабаган» деген шек менен Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабоо, кыйноо) боюнча айыпталып жатышат.
Учурда бул ишке катышы бар башка кызматкерлерди да аныктоо жүрүп жатканы айтылат маалыматта.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы жөнөткөн сүрөткө караганда, командирлер аскерлерди пол жууган швабра, таяк менен сабашкан.