2023-жылдын жыйынтыгы боюнча иш берүү кызматтарында турган жумушсуздардын саны 7%га азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Каттоодо турган жумушсуздардын 6%ы, тагыраагы, 91 миң 600 адам ишке орношкон. Мунун ичинен 16 миң 700 адамга иш менен камсыз кылуу кызматтары жумуш таап берген.
Министрлик көргөн чаралардын негизинде жыл ичинде жумушсуздуктун жалпы деңгээли 4,9%ды түзгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,4%га төмөн экени маалымдалды.
Ал эми расмий катталган жумушсуздук 2,8%ды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 0,1%га төмөндөгөн.