Түп районунда ишкердин үйүн карактап кеткенге шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өткөн жылдын 31-декабрында Түп райондук ички иштер бөлүмүнө Түп айылынын тургунун үйүн тоноп кетишкени боюнча билдирүү түшкөн.
Жабырлануучулардын көрсөтмөсүнө караганда, 31-декабрда болжол менен саат 5:00 чамаларында беткапчан эки адам терезеден үй ээсинин аялы жүргөн бөлмөгө кирип келишип, акча талап кылып сабай башташкан. Башка бөлмөдөн кирип келген үй ээсин темир буюм уруп жыгышып, байлап ташташкан. Андан кийин аялды жана анын кичинекей уулун коркутуп, акча, баалуу буюм-тайым сурашкан.
Үй ээлери коркуп, сейфтин ачкычын беришкен. Ал жердеги акчаны аз санаган кылмышкерлер башка да акча беришин талап кылышкан. Акыры ири суммадагы акчаны, үйдөгү адамдардын уюлдук телефондорун алып, качып кетишкен.
Арыз каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 2-бөлүгү (каракчылык) менен иш ачылган. Кылмышты иликтөөдө Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы, Түп райондук ички иштер бөлүмү жана Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкармалыгы биргеликте иш алып барышкан.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында шектүүлөр Бишкек шаарынан кармалышкан. Экөө тең Түп районунун тургундары болуп, бири 1988-жылы туулган Б.Р. документ жасоого айыпталып, Орусиянын издөөсүндө жүргөнү, экинчиси, 1987-жылы туулган О.Ф. да мурда соттолгону аныкталган.
Кармалгандар соттун чечими менен эки айга камакка алынганы, учурда тергөө жүрүп жатканы айтылат маалыматта.