Connect with us

«Бишкек штамп» жана «Дастан» заводдору Коргоо министрлигине өттү

Кыска кабар | 9 Янв 2024 | 174 | 0

«Бишкек штамп» жана «Дастан» заводдору Коргоо министрлигинин карамагына өттү. Төрага Акылбек Жапаров кол койгон токтом Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Эске салсак, ага чейин Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында болуп келген «Кыргызтелеком», «Евразия сактык банкы», «Альфа Телеком», «Дастан» ишканалары 2023-жылдын 12-майында Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлгөн.

Ал эми «Бишкек штамп» заводу Экономика жана коммерция министрлигинин карамагында болгон.

«Дастан» ишканасы 1956-жылы «Физприбор» деген ат менен ачылган. 1975-жылы Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы «Шайман жасоочу» заводу болуп өзгөртүлгөн. 1993-жылдан тарта «Дастан» трансулуттук корпорациясы болуп келет. Ишканада медициналык, аскердик жабдуулар, электр-жылытуу жабдуулары сыяктуу буюм-тайымдар чыгат.

«Бишкек штамп» заводу 1941-жылдан тарта иштеп келет. Негизги өндүрүшү: курал-жарак, ок-дары.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM