Connect with us

Бир жумада 16 миңден ашуун айдоочу жол эрежесин бузган

Кыска кабар | 8 Янв 2024 | 249 | 0

1-январдан 7-январга чейинки аралыкта 16 миң 195 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы билдирди.

Эреже бузгандардын ичинен:

196 айдоочу унаасын тийиштүү документтери жок айдап жүргөн;

208 айдоочу мас болуп кармалган;

32 айдоочу унаасынын айнегин мыйзамсыз караңгылаткан;

4 айдоочу жасалма номур менен жүргөн;

7 айдоочу ээнбаштыгы үчүн кармалган;

3442 айдоочу белгиленген ылдамдыктан ашыра айдап кармалган;

2080 айдоочу унаа пайдалануу эрежелерин бузган;

754 жөө адам жол эрежесин бузуп кармалган.

Булардан тышкары да 9472 майда эреже бузуулар катталган. Эреже бузган 1091 айдоочунун унаасы айып короого токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM