Connect with us

Издөөдө жүргөн казакстандык Face ID камера аркылуу Бишкектен кармалды

Кыска кабар | 8 Янв 2024 | 253 | 0

Казакстандын укук коргоо коргоо органдары издеп жаткан шектүү Face ID камералардын жардамы менен Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алматы шаарынын Медөө райондук полиция башкармалыгына үч компаниянын үстүнөн жамааттык арыз келип түшкөн. Арыздан белгилүү болгондой, жабырлануучулар каржы пирамидасын уюштургандарга алданып калышкан.

Бул фактынын негизинде полиция башкармалыгы Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 217-беренеси (каржы пирамидасын уюштуруу жана жетектөө) менен иш козгогон.

Алдын ала тергөөдө компаниялар бир нече миллиардаган теңгени мыйзамсыз чогултканы аныкталган. Аны уюштурууга шектүүлөр өздөрүнүн ишин жарнамалатуу үчүн белгилүү блогерлерди жалдашкан. Буга байланыштуу сот эки вайнерди беш жылга эркиндигинен ажыраткан.

Кылмышка шектүүлөр камала баштаганда, арасынан О.А. атуу адам изин жашырып кетүүгө үлгүрүп, полиция башкармалыгы эл аралык издөө жарыялаган.

Кылмышка шектүү казакстандык Бишкек шаарындагы адамдын жүзүн тааныган сырткы камералардын бирине түшүп калган. Анын эл аралык издөөдө жүргөнү тастыкталып, Бишкек шаарында камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM