Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курамасы Азия Кубогуна катышуу үчүн Доха шаарына барды. Бул тууралуу Кыргыз футболдук Союзу билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргыз футбол бирлиги 4-январда Катарда өтө турган Азия Кубогунда ойной турган футболчулардын акыркы тизмесин жарыялаган.
Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Марсель Исламкулов, Султан Чомоев, Курманбек Нурланбеков.
Коргоочулар: Кайрат Жыргалбек уулу, Християн Браузман, Айзар Акматов, Бактыяр Дүйшөбеков, Тамирлан Козубаев, Бекжан Сагынбаев, Сүйүнтбек Мамыралиев, Александр Мищенко, Амантур Шамурзаев.
Жарым коргоочулар: Одилжон Абдурахманов, Адил Кадыржанов, Мерк Кай, Бекназ Алмазбеков, Мерк Кими, Гүлжигит Алыкулов, Нурдөөлөт Сталбеков, Атай Жумашев, Фархат Мусабеков, Азим Азаров.
Чабуулчулар: Эрнист Батырканов, Кожо Жоэл, Дастан Токтосунов.
Улуттук курама команда Азия Кубогуна даярдык өткөрүүдө. Анын алкагында Кыргызстан Сириянын командасы менен Дубайда беттеш өткөрдү. Вьетнам менен 9-январда беттештер өтөт.
Азия кубогу 12-январдан 10-февралга чейин Катарда өтөт. Улуттук курама D тайпасында Оман, Сауд Арабия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.