Марал Радиосу

Футбол боюнча улуттук курама Азия кубогуна жаңы туу менен барды (сүрөт)

Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курамасы Азия Кубогуна катышуу үчүн Доха шаарына барды. Бул тууралуу Кыргыз футболдук Союзу билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргыз футбол бирлиги 4-январда Катарда өтө турган Азия Кубогунда ойной турган футболчулардын акыркы тизмесин жарыялаган.

Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Марсель Исламкулов, Султан Чомоев, Курманбек Нурланбеков.

Коргоочулар: Кайрат Жыргалбек уулу, Християн Браузман, Айзар Акматов, Бактыяр Дүйшөбеков, Тамирлан Козубаев, Бекжан Сагынбаев, Сүйүнтбек Мамыралиев, Александр Мищенко, Амантур Шамурзаев.

Жарым коргоочулар: Одилжон Абдурахманов, Адил Кадыржанов, Мерк Кай, Бекназ Алмазбеков, Мерк Кими, Гүлжигит Алыкулов, Нурдөөлөт Сталбеков, Атай Жумашев, Фархат Мусабеков, Азим Азаров.

Чабуулчулар: Эрнист Батырканов, Кожо Жоэл, Дастан Токтосунов.

Улуттук курама команда Азия Кубогуна даярдык өткөрүүдө. Анын алкагында Кыргызстан Сириянын командасы менен Дубайда беттеш өткөрдү. Вьетнам менен 9-январда беттештер өтөт.

Азия кубогу 12-январдан 10-февралга чейин Катарда өтөт. Улуттук курама D тайпасында Оман, Сауд Арабия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.

 

Exit mobile version