Connect with us

Акылбек Жапаров: Абактар шаардын сыртына чыгарылууда

Кыска кабар | 25 Дек 2023 | 287 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда №53 тергөө изоляторунун жаңы имараты ачылды. Анын ачылышына катышкан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров абактарды шаардын сыртына чыгаруу саясаты жүрүп жатканын белгиледи.

«Ушул биз ачып жаткан № 53 тергөө изоляторун чыгардык. Абакты Базар-Коргон районуна көчүрүп жатабыз. Буга чейин изолятордо аялдар менен жашы жете элек балдар кармалып келген. Жазык-аткаруу мыйзамдарынын талаптарына ылайык калктын аялуу катмары болгон аялдар жана балдарды кармоо үчүн тиешелүү шарт болгон эмес», — деди ал.

№53 тергөө изоляторунун жаңы имаратын курууга республикалык бюджеттен 364 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Акылбек Жапаров Жалал-Абаддагы №10 түзөтүү мекемеси жана кайтаруу, күзөтүү департаментинин № 5 батальону мекемесинин имараттарын бузуу иштери менен таанышты.

Белгилүү болгондой Жалал-Абад шаарынын ичинде жайгашкан бул абак сыртка чыгарылып, анын ордуна административдик имараттар жана сквер курулат.

Copyright © 2017 Maral FM