Connect with us

Кыргызстанда мамлекеттик вакф (кайрымдуулук фонд) түзүү сунушталды

Кыска кабар | 21 Дек 2023 | 429 | 0

Кыргызстанда мамлекеттик вакф, башкача айтканда, кайрымдуулук фонд түзүү сунушталды. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев парламенттин 21-декабрындагы жыйынында айтты.

Депутаттар Марлен Маматалиев, Фархат Алимжанов, Жалолидин Нурбаев «Вакуф негиздери жөнүндө» мыйзам долбоорун сунушташты.

Марлен Маматалиев түшүндүргөндөй, кайсы бир донор, бизнесмен же жамаат болобу, өзүнүн мүлкүн, акцияларын же үлүштөн түшкөн кирешесин, же компаниясын вакфка берет. Бирок ал мүлк сатылбайт. Андан түшкөн киреше кайрымдуулукка жумшалат. Вакф мамлекеттик болот.

Талкуу маалында көпчүлүк депутаттар мамлекеттик кайрымдуулук фонддун аталышына каршы болушуп, кыргызча болушун талап кылышты. Демилгечилер мыйзам долбоорунун концепциясы кабыл алынса, экинчи окууда өзгөртүүлөр киргизилерин айтышты.

Депутат Камила Талиева Кыргызстан светтик өлкө экенин жана Ислам мамлекеттериндегидей фонд ачуунун зарылдыгы жок экенин айтты.

Ошондой эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу керектиги, диний институтту киргизүүдө укуктук карама-каршылыктар болбойбу деген суроолор болду.

Демилгечи Маматалиев мыйзамдык көз караштан алганда эч кандай карама-каршылыктар болбой турганын, өлкөнүн укуктук практикасында айрым исламдык каржылоо принциптери ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын айтты. Ал ошондой эле кыргыз тилиндеги мааниси боюнча эң жакын сөз «мурас» сөзү экенин жана бул сөз экинчи окууда мыйзам долбоорунда колдонула турганын кошумчалады. Вакф ачууда арап өлкөлөрү эмес, Түркиянын тажрыйбасы каралып жатканы белгилүү болду.

Депутат Динара Ашимова мыйзам долбоору башка мыйзамдарга да түзөтүүлөрдү киргизүүнү талап кылгандыктан, мыйзам долбоорун иштеп чыгуучу жумушчу топтун курамына юристтерди киргизүү зарылдыгын белгилеп, өзүнүн талапкерлигин сунуштады.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, биринчи окууда кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM