Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын 90 пайыздан ашыгын тактады

Кыска кабар | 13 Дек 2023 | 416 | 0

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын 90 пайыздан ашыгы такталды. Бул тууралуу 12-декабрда Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусунда айтылды.

«Бүгүн жумуш көп болду. 120 чакырымдан ашуун жерге илгерилеп калдык. Бул иштер принципиалдуу макулдашылган. Эгер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын жалпы көлөмүн ала турган болсок, чек ара сызыгынын 90 пайыздан ашыгы такталды» , — деди Тажикстандын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов.

Кыргызстандын атайын кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев Ятимовдун айткандарын тастыктап, жумушчу топтун ишинин жыйынтыгында чек аранын бардык узундугу боюнча 90 пайыздан ашыгы такталганын айтты.

«Менимче макулдашылган багыттар жакында айтылат. Бизде такталбаган бир канча тилке калууда. Жакынкы убакта Кудай буюрса бүтөт деп ойлойм. Кайрагачтан баштап, Кулунду, Максат, Арка, Арка 1, Арка 2, Жаңы-Жер, Жийделикке чейин макулдашылды. Ошондой эле Карабак боюнча үч мамлекеттин бириккен чегине чейин макулдаштык. Толук тактоо үчүн бир нече жолугушуу калды» , — деди Камчыбек Ташиев.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жолугушууда 2023-жылга карата өкмөттүк делегациялардын топографиялык-укуктук жумушчу топторунун аткарган иштеринин жыйынтыктары талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM