Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик техникалык университетте күн электр станциясы ачылды

Кыска кабар | 13 Дек 2023 | 211 | 0

Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде күн электр станциясы ачылды. Ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду чакырышты.

«Университеттин чатырына орнотулган күн станциясы электр энергиясын гана өндүрүп тим болбостон, студенттер үчүн бул процессти өз көзү менен көрүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк болот. Биз кубанычтабыз жана мындай демилгелерди колдоого дайым даярбыз» , — деди Акылбек Жапаров.

Анын маалыматына караганда, 24,5 миң студент билим алып жаткан техникалык жогорку окуу жайынын кирешеси 1 миллиард сомго жетти. Быйыл QS Asia University Rankings 2024 рейтингинде Азиядагы эң мыкты жыйырма университеттин катарына кирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM