Биз менен байланышыңыз

Сасык тумоодон кантип сактануу керек? Дарыгердин кеңеши

Блог | 13 Дек 2023 | 435 | 0

Кыргызстанда сасык тумоо жуктургандардын саны көбөйүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин 6-декабрдагы маалыматына караганда 5 миң 737 адам сасык тумоого чалдыккан. Алардын 67 пайызы 14 жашка чейинки балдар. Мезгилдик сасык тумоо жана дем алуучу органдардын курч кармоочу респиратордук түрүнөн кантип сактануу керек? Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгер-эпидемиологу Асел Акымбаева суроолорубузга жооп берди. 

— Сасык тумоо менен ОРВИнин айырмасы кандай?

Сасык тумоо курч башталат. Дене табы аябай жогорулап, 39 градуска чейин көтөрүлөт. Тамак, муундар, сөөктөр ооруйт. Ал эми ОРВИ жай башталат. Мурундан суу агып жана көздөн да жаш агып, эки-үч күндө башталат. Сасык тумоо менен ОРВИни ушинтип айырмаласак болот.

— Бул оорулар күчөп кетсе кандай кесепеттерге алып келет?

Вирустук инфекциялар күчөп кетсе жаман. Ошого жеткирбеш керек. Үй шартында жатып алып, өзүн-өзү дарылай берген да болбойт. Эгер оору күчөп кетсе, өлүмгө чейин алып келет. Ошондуктан дарыгерге кайрылып, дарыгердин көрсөтмөсү менен дарылануу зарыл. Балдар ооруп калса, бала бакчага, мектепке жөнөтпөш керек. Чоңдор да жумушка барбаш керек. Туура тамактанып, таза абада дем алып, үйдү желдетип туруу маанилүү.

— Иммунитетти кантип көтөрүш керек?

Иммунитети күчтүү адамдар бул оорулар менен көп оорубайт. Алар көп учурда жуктурбайт. Ооруса да жеңил өтөт. Ар бир адам иммунитетин калыбына келтириши керек. Иммунитетти бекемдеш үчүн стресстен качуу зарыл. Анткени иммунитетти түшүрө турган биринчи фактор – бул стресс. Стресске алып келчү адамдардан, кабарлардан, кырдаалдардан алыс болууга чакырам. Экинчиден, туура тамактануу. Витаминдүү, микроэлементтерге бай тамак-аш менен тамактануу маанилүү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аныктамасы боюнча күнүнө 400 граммдан жогору мөмө жемиштерди жеш керек. Мындан сырткары күнүнө 2 литр суу ичүү. Муну менен катар клетчаткага бай азыктар менен тамактануу сунушталат. Углеводдорду азайтуу керек. Буларга нан, камыр тамактары, картошка жана башкалар кирет.

— Вирустук инфекциялардан кантип сактанса болот?

Сасык тумоо менен ОРВИден сөзсүз сактануу керек. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жыл сайын бул ооруларга каршы вакцина сатылып алынат. Бирок вакцина баарына жетпейт. Медицина кызматкерлери, бат-баттан ооруган балдар, боюнда бар аялдар жана улгайган адамдардын тизмеси түзүлүп, алар эмдөөдөн өтүшөт.

Колду дайыма жууп туруу маанилүү. Анткени кол аркылуу бири бирине вирус жугат. Колду 20 секунддан кем эмес жууш керек, кара же кир самын менен жууса болот. Коомдук жайларга чыкканда сөзсүз беткап тагуу да оорунун алдын алууга жардам берет.

Мындан сырткары жөтөлүүнүн, чүчкүрүүнүн этикети бар. Ошону да үйрөнүшүбүз керек. Ал эми беткап төрт саатта бир алмаштырылат. Физикалык жактан активдүүлүк керек. Ар кандай дене көнүгүүлөрдү жасап, спорт менен алектенүү жакшы жардам берет.

— Маегиңизге рахмат!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM