Connect with us

Жаштар форуму: иш-чаранын форматы сынга кабылды

Коом | 29 Ноя 2023 | 553 | 0

Кечээ Бишкекте өткөн «Кыялымдагы Кыргызстан» республикалык жаштар форумуна жети дубандан келген 2 миңдеш ашык адам катышты. Форум президент менен жаштардын диалог куруусуна шарт түзүү максатында уюштурулду. Ал эми айрым катышуучулар иш-чаранын форматына нааразылыгын айтышууда. Ал эми адистер жаштарды пайдалуу натыйжа бере турган форумдарга катышууга чакырат. 

Бишкекте кечээ президенттин катышуусунда «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форуму өттү.

Форумдун катышуучусу Мелис Абдибаитов өлкөнүн жаштары үчүн мындай форумдарды өткөрүп туруу туура экенин айтты.

Ал кечээ өткөн форумдун аткаруу иштерин сынга алды.

Анын айтымында, күндүн темасы алдын ала берилген эмес жана президент менен жаштардын ортосунда суроо-жооп уюштурулган жок.

«Негизинен мындай форумдардын болуп турганы жакшы. Кечээки форум дагы максатка ылайык, туура эле. Аткаруу иштери жакшы болбой калды. Кечээ мүчүлүштүктөр боюнча да Фейсбукка билдирүү жазгам. Себеби алдын ала күндүн темасы берилген эмес. Биз кайсы тема жөнүндө кеп болорун билген жокпуз. Анан президент сүйлөгөн учурда да өзүнүн жасаган иштерин айтты. Аны мен туура эле кабыл алдым. Бирок ошол жерде суроо-жооп болсо жакшы болмок. Келечекти талкууласак болмок. Жасаган эле иштерди угуп коюп, кете бергенибиз бир аз кызыктай болуп калды».

Иш-чаранын дагы бир катышуучусу Арген Саипов белгилегендей, форумдун өзгөчөлүгү президенттин катышуусунда өттү.

Ал форумдун алкагында жаштар өлкө башчы менен түз диалог куруп, суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүктөрү болгонун айтты.

Саипов форумга бардык аймактан келген жаратман, активист жаштардын мамлекет үчүн пайдалуу долбоорлору бар экенин белгиледи.

Айтуусунда, суроо-жооп форматы жок болгондуктан, жаштардын көбү президентке суроолорун жана сунуштарын айта алышкан жок.

«Жаштардын мамлекеттик деңгээлде ишке ашырууга боло турган долбоолору болуп калса, ал мамлекеттин өнүгүүсүнө салып кошсо, албетте, мындай форум жылына эки жолу өтүп турса жакшы болот. Бул форумдун форматын өзгөртүш керек. Катышуучулар ойлогондон башкачараак болду. Суроо-жооп форматына өтсөк жакшы болмок. Форумга жети дубандан жаш, жаратман, идеяга бай, лидерлер, эл арасынан суурулуп чыгып, коомдук иштерге жан дили менен катышкан жаштар келди. Форумда эркин, бир тараптуу эмес, адилеттүү пикирин айта турган, коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдү ачык айткан жаштар келип, президентке түз жеткирип, аким, губернатор, министр сыяктуу ортомчусуз жеткирсе туура болот».

Президент Садыр Жапаров форумда сүйлөп, улан-кыздардын көңүлүн үч багытка бурууга чакырды.

Жапаров билимди алып, татыктуу кесиптин ээси болуп чыгышы үчүн билим берүү тутуму менен кесипке даярдоо тармагына колдоону күчөтүүгө убада берди. Ошондой эле ал экономиканын жаңы тармактарында жаштарды иш менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Мамлекет башчы жаштарга үч багытта кеңеш берди. Биринчи жаңыча билимдерди, инновацияларды жана технологияларды ыкчам өздөштүрүү багыты. Экинчи багыт – улуттук биримдигибизди жана ынтымагыбызды чыңдоо. Үчүнчү багыт – ажайып кооз жаратылышыбызга, табиятыбызга аяр мамиле кылуу милдети турат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев форумга 2 миңге жакын адам катышканын белгиледи.

Форумдун максаты президент менен жаштардын диалог куруусуна шарт түзүү.

Тагаев иш-чарага ар бир аймактын активист жаштары келгенин айтты.

«Форумга 2000ге жакын адам катышты. Кыргызстандын 7 облусунан 300дөй өкүл келди. Булар ар бир аймактагы активисттер. Жигердүү жаштар. Коомдук турмушка активдүү аралашкан, кайдыгер карабаган жаштар. Форумдун негизги максаты президент менен жаштардын диалогу. Президенттин жаштарга кайрылуусу эң маанилүү нерсе болду. 14 мүнөт жаштарга эң маанилүү жагдайлар боюнча өзүнүн акыл-кеңештерин айтты».

Ал эми «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фондунун төрагасы Нурсултан Жанибек уулу бүгүнкү күндө өлкөдө көптөгөн форум өтүп жатканын айтат.

Ал форумга катышкан жаштарга пайдалуу, ошондой эле ар бир форумдун жыйынтыгы болушу керектигин белгиледи.

«Азыркы учурда форумдар аябай көп. Негизгиси форумдарды уюштурууда натыйжа болуш керек. Кошумча жакшы нерселерди алып келиш керек. Форумду жөн эле өткөрүп, элдин тарап кетиши эмес, ошол форумдун натыйжасында кабыл алынган чечимдер сөзсүз түрдө кандайдыр бир деңгээлде жашоодо практикада ишке ашышы керек».

Статистикалык маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзүндөгү калктын 16%ын 15 жаштан 24 жашка чейинкилер түзөт, тагыраагы, Жер шарында ушул курактагы 1,2 миллиард адам бар. 2030-жылга чейин жаштар дагы 7 пайызга көбөйөрү, 1,3 миллиард адамга жетери болжолдонууда.

Ал эми Кыргызстан калкынын 24%ын 14-28 жаш аралыгындагылар түзөт, тактап айтканда, өлкөдө 1 млн 593 миң ушул курактагы жаран бар. Мунун ичинен 51%ы уландар, 49%ы кыздар экени расмий айтылган. Аймактар боюнча алганда, жаштары көп аймак катары Нарын, Талас жана Ош облустары, аз аймак катары Ош жана Бишкек шаарлары эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM