Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан үчүн электромобилдерди импорттоо боюнча жеңилдик мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 27 Ноя 2023 | 287 | 0

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө чектелген санда ташылып келинген электромобилдерди бажы алымдарынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдикти 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартты.

Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди.

Бажы төлөмдөрүнөн бошотуу Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстанда туруктуу жашаган жарандарга гана берилет. Орусияда жарандыгы жана туруктуу жашаган жери бар адамдарга электр транспортуна ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун берүүгө жол берилбейт.

«Тарифтик жеңилдиктерди колдонуунун мөөнөтүн электр унааларына суроо-талапты стимулдаштырууга, аларды өндүрүүгө жана заряддоо станцияларынын тармагын өнүктүрүүгө багытталган башка чаралар менен айкалыштыруу менен узартуу мындай унааларды кеңири жайылтууга көмөктөшөт», — деп белгиледи ЕЭК Соода министри Андрей Слепнев.

Буга чейин Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги электромобилдерди импорттоо боюнча республикалык квотаны 2024-жылга 15 миң, 2025-жылга 20 миң автоунаага белгилөөнү сунуштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM