Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кыргызстандын грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминовдун баш коргоо чарасын өзгөрттү.
Маалыматка караганда, ал 4-декабрга чейин, башкача айтканда, тергөө аяктаганга чейин эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду.
Ахрор Иминовго «кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылап турган» деген айып коюлган.
УКМК тараткан билдирүүдө Имновдун жүк ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердигинен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жалпы кассасына «салык (дань)» чогултууга (болжолдо жалпы пайданын 30%ын) катышканы аныкталган.