Connect with us

Аба ырайы: Эртең көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 22 Ноя 2023 | 1751 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 23-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Жалал-Абад -Абас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде кар, тоолуу райондордо кар жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 4…9,

Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 5…10,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8,

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 5…7 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM