Биз менен байланышыңыз

Президент: Журналисттер күнүн жалпы майрам деп атасак да жарашат

Кыска кабар | 7 Ноя 2023 | 183 | 0

Президент Садыр Жапаров журналисттерди, маалымат каражаттарынын кызматкерлерин 7-ноябрь — Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда ЖМКлар улуттук, маданий, тарыхый баалуулуктарды бекемдөөгө олуттуу салым кошуп келерин айтып, журналисттердин коомдо адилет пикир жаратуусуна тилектештигин билдирген.

«Кыргыз журналистикасы жана басма сөз маалыматтары эгемендик жылдарында улуттук, маданий жана тарыхый баалуулуктарды бекемдөөгө олуттуу салымын кошуп келет. Бүгүн маалымат алмашуу чагылгандай тездик менен жүрүп жаткан мезгил. Керек болсо жаңылыктар бир нече секунданын ичинде Жер шарын айланып өтөт. Бул ыкчам доордо сиздер аркалаган кесиптин – жалпыга маалымдоо каражаттарынын орду өзгөчө мааниге ээ. Заман жүгүнө жараша басылмалардын мүмкүнчүлүктөрү да кеңейүүдө, интернет аркылуу окурмандардын саны да артууда. Мындай шартта жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин коом турмушунда болуп жаткан окуяларды чагылдыруудагы жоопкерчилиги дагы күчөйт. Анткен менен көп кылымдык басма салты жана ата мекендик жалпыга маалымдоо каражаттарынын басып өткөн тарыхы жоголгон жок деп ишенем. «Төртүнчү бийликтин» күчү буга чейин да замандын кубаттуу кыймылдаткычы болуп келген, мындан ары да болуп кала берет.

Биз жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин жигердүү жарандык позициясын, өз ишин ар-намыс, ариет менен аткарып, журналисттин негизги принциптерин — басылманын татыктуу ийгилигинин башаты болуп калган ишенимдүүлүктү, объективдүүлүктү жана ыкчамдыкты жетекчиликке алган адистердин эмгектерин жогору баалайбыз. Тандаган кесибиңиздерге ак ниет мамиле кылып, кесипкөйлүктү туу тутуп, коомубуздун туура багытта өнүгүшүнө берилүү менен кызмат өтөп келе жаткандыгыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Журналисттер күнүн жалпы майрам деп атасак да жарашат. Анткени азыркы коомду маалыматсыз, маалымат каражаттарысыз, болуп жаткан окуяларга кесипкөй көз карашсыз элестетүү кыйын.

Урматтуу курч калем ээлери, ар дайым калыстыктан тайбай, тараптардын кызыкчылыктарын тең салмактап, коомдо адилет пикирди жаратууңуздарга тилектешмин. Ар бир сөзүңүздөр окурмандардын, көрүүчүлөрдүн, угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапсын», — деген Президент.

Айта кетсек, 2024-жылдын 7-ноябрында советтик Кыргызстандын кыргыз тилинде жарык көргөн туңгуч гезити «Эркин Тоо» (учурдагы «Кыргыз Туусу» гезити) Ташкентте басылып чыккан. Ушул күндүн урматына 1993-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Өкмөтү «7-ноябрды басма сөз кызматкерлеринин күнү деп белгилөө жөнүндө» токтом кабыл алган. Кийинчерээк бул аталыш «Маалымат жана басма сөз күнү» болуп өзгөртүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM