Connect with us

Непалдагы жер титирөөдөн 100дөн ашык адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Ноя 2023 | 809 | 0

Непалда катуу жер титирөөдө 100дөн ашык адам мерт болду. Бул тууралуу Би-Би-Си кызматы жазды.

Маалыматка ылйык, баарынан шарты катаал Жажаркот жана Рукум райондору көп жабыркаган жана куткаруу иштерине армия менен коопсуздук кызматы тартылган.

Жердин катуу силкинүүсү Напалдын борборунан сырткары коңшу Индияда, Дели шаарында дагы сезилди.

Армиянын өкүлү кырсыкта дагы 100дөн көп тургун жараат алганын, Жажаркоттогу оорукана толуп калганын билдирди.

Ишембиге караган түндө жер биринчи силкингенден кийин бир саатка жетпей дагы үч жолу чайпалган. Көптөгөн тургундар бул түндү эшикте өткөрдү.

Кырсык болгон аймакка каттаган айрым жолдорду зилзаланын айынан жер көчкү басып калгандыктан куткаруу иштери кыйындады.

Непалдын Мониторинг жана иликтөө борбору жер титирөө жергиликтүү убакыт менен 23.47 болгонун билдирди. АКШнын Геологиялык кызматы зилзалалын күчү очогунда 5,6 балл болгонун кабарлады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM