Connect with us

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттүк комиссиянын кезектеги жолугушуусу өттү

Кыска кабар | 16 Окт 2023 | 385 | 0

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттүк комиссиянын кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Бүгүн, 16-октябрда Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттеринин тапшырмасы менен Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жолугушуу Кыргызстандан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги жана Тажикистан тараптан улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Ятимовдун жетекчилиги астында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө делегация башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелерде өтүүсүн сыпаттоо боюнча макулдашууларды аткаруунун жүрүшүнө канааттангандыгын билдиришти.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторуна жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторуна ишти активдештирүү жана бардык орун алган чек ара маселелерин чечүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Делегация башчылары 2023-жылдын 2-октябрындагы №44 протоколдун маанилүүлүгүн дагы бир ирет баса белгилеп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин тездетүү жана протоколдун жоболорун дыкат аткарууга даяр экендиктерин билдиришкен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM