Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 17-октябрга караган түнү өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Нарын облустарында айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +0…+5, күндүз +13…+18,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17,
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +14…+19.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +17…+19 градус болот.