Connect with us

Казакстанда келерки жылы ANKA дрондорунун өндүрүшү башталат

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Окт 2023 | 414 | 0

Казакстанда түркиялык Anka учкучсуз учуучу аппараттарынын өндүрүшүн кийинки жылы баштоо пландалууда. Бул тууралуу Atameken Business telegram-каналы Түркиянын аэрокосмостук өнөр жайынын (Turkish Aerospace Industries) өкүлү Эррол Огузга шилтеме кылып кабарлады.

«Биз өндүрүштү баштоодон тышкары келечекте Казакстан дрондорду өз алдынча чыгарышы үчүн тажрыйбабыз менен технологияларды да берүүнү максат кылып жатабыз», – деп билдирди Огуз.

2022-жылы майда Түркиянын Türk Havacılık ve Uzay Sanayii (TUSAŞ) мамлекеттик аэрокосмикалык компаниясы менен «Казакстан инжиниринг» компаниясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшкан. Анда «Казакстан Инжинирингдин» туундуу компаниясынын базасында Anka дрондорун кураштыруу жана техникалык жактан тейлөө линиясын ачуу каралган.

Anka — Türk Havacılık ve Uzay Sanayii компаниясы 2013-жылы Түркиянын Куралдуу күчтөрү үчүн иштеп чыккан учкучсуз учуучу аппараттардын топтому. Anadolu агенттиги жыл соңуна чейин бул дрондорду бери дегенде эле төрт өлкөнүн куралдуу түзүмдөрүнө жеткирүү күтүлүп жатканын кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM