Connect with us

Баткенде дагы сегиз социалдык объекти пайдаланууга берилет

Кыска кабар | 15 Окт 2023 | 201 | 0

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Баткен районунда 8 социалдык объекти пайдаланууга берилет. Алар:

— Ак-Сай айылындагы 275 орундуу Б.Ходжаев атындагы орто мектеби;

— Ак-Сай айылындагы 75 орундуу «Эделвейс» балдар бакчасы;

— Көк-Таш айылындагы 50 орундуу «Учкун» балдар бакчасы;

— Көк-Таш айылындагы 120 орундуу башталгыч мектеп;

— Достук айылындагы 100 орундуу орто мектеп;

— Достук айылындагы 50 орундуу «Бөбөктай» балдар бакчасы;

— Достук айылындагы ФАП;

-Бассейн;

Бул обьекттер Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, АРИС уюму тарабынан курулганы кабарланды. Жогоруда объектилердин курулушу дээрлик аяктады. Баары керектүү жабдуулар жана эмеректер менен жабдылууда.

Мындан сырткары, жыл башынан бери 7 обьект курулуп пайдаланууга берилди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM