Connect with us

Балыкчыда компьютердик томография борбору иштеп баштады

Кыска кабар | 14 Окт 2023 | 215 | 0

Балыкчы Жалпы дарыгерлик практика борборуна компьютердик томография орнотулду.

Саламаттык сактоо министрлигинен  билдиришкендей, аталган оорукананын жетекчилигинин маалыматына ылайык, компютердик томографиянын толук кандуу ишке киргенине 3 күн болуп, бул аралыкта алты бейтап диагностикадан өткөн.

«Компьютердик томография борбору «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында компьютердик томография аппараттарын орнотуу» «мамлекеттик-жеке өнөктөштүк» долбоорунун алкагында жеке өнөктөш тарабынан орнотулду», — деп айтылат маалыматта.

Кызматтын баасы жеке клиникаларга караганда арзан болот. Инвестициянын көлөмү 5 млн долларын түздү, долбоор инвестордун катышуусу менен 15 жылда ишке ашырылат.

Балыкчы шаарына жакын жайгашкан айылдардын тургундары, анын ичинде Чүй жана Нарын облустарынын тургундары компьютердик томография борборунун кызматы менен пайдалана алышат. Буга чейин Балыкчы шаарында компьютердик томография жок болгондуктан, бейтаптар Бишкекке же Караколго барууга аргасыз болушкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM