Connect with us

«Криминал менен байланышы болгон эмес». Турсунтай Салимов президентке кайрылды

Кыска кабар | 13 Окт 2023 | 793 | 0

«Мадина» базарынын ээси, ишкер Турсунтай Салимов өзүнө козголгон ишти жеке көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Анткени чынчыл ишкерлердин кармалышы жана оор кылмыштарды жасоого негизсиз айыптоолор республиканын экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Бул тууралуу адвокат Кайсын Абакиров социалдык тармактарга билдирди.

Адвокаттын айтымында, айрым маалымат каражаттары Турсунтай Салимов колонияларды каржылап, мурдагы жана азыркы криминалдык авторитет менен тыгыз байланышта болгон деген такталбаган маалыматтарды жарыялашкан.

«Турсунтай Салимов эч кандай кылмыштуу топтор менен байланышы болгон эмес жана кылмыштуу топторду каржылоого катышкан эмес. Ошондой эле анын жашаган жеринде жана иштеген жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда эч нерсе табылган эмес», — деди жактоочу.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Көлбаев менен байланышы бар делген адамдарды кармоо иштеринин алкагында экс-депутат, ишкер Турсунтай Салимов камакка алынганын билдирген.

Атайын кызмат 4-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү, 267-беренесинин 2-бөлүмү, 37-беренеси, 122-беренесинин 2-бөлүгү менен иш козгогон. Анын алкагында Камчы Көлбаевдин жана анын жан-жөкөрлөрүнүн мыйзамсыз, кылмыштык жол менен алынган мүлктөрүн жана активдерин мыйзамдаштырып берүүгө, андан башка да өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар 20дан ашуун адам кармалган.

Камакка алынгангандардын арасында экс-депутат, Бишкектеги «Мадина» базарынын кожоюну Турсунтай Салимов да бар экени айтылган.

Биринчи Май райондук соту 4-декабрга чейин камакка алууга өкүм чыгарган. Соттук отурумда Салимовдун ден соолугу кескин начарлап, «Тез жардам» кызматы алып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM