Connect with us

Алиев: Саясатчылар кылмыш чөйрөсүнө «чай ташыганын» токтотушу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Окт 2023 | 348 | 0

Саясатчылар, депутаттар, коомдук ишмерлер кылмыш чөйрөсүнө «чай ташыганын» токтотушу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, кылмыш дүйнөсү адам пайда болгондон бери эриш-аркак келе жатат. Ал эми советтик өлкөлөрдө 1990-жылдардан кийин катуу тамыр алды. Уюшкан кылмыштуулук эч качан мамлекеттин башкаруу иштерине кийлигишпеши керек. Айрыкча өсүп келе жаткан муунду бул нерседен сактап калуубуз зарыл.

«Кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаев каза тапты. Ал Кыргызстандагы белгилүү, таасирдүү жана «мыйзамдагы ууру» деген атты алган адам болгон. Жадагалса саясаттагы, бизнестеги адамдардын ичинде жүгүнүп, чай ташып жүргөндөрү бар. Бул нерсенин баары жөндөн-жөн келип калган жок. Буларды жакынкы аралыкта эле эмес, союз таркагандан бери бирөө калкалап жүрдү да. Укук коргоо органдары, саясий элиталар буларды өстүргөнгө өздөрү кызыкдар болуп келген. Уюшкан кылмыштуулук өздөрүнөн кийинки жаш муунду да алардын идеологиясы менен тарбиялап келе жатат. Мамлекет бир гана импративдик, радикалдык жол менен эмес, аналитикалык жол менен да күрөшүшү керек. Эл союз таркаганга чейин бир эле багыт менен жүрүп, андан кийин каякты ээрчирин билбей калды. Кимдир бирөө катуу динчил, батышчыл же жумуш таппай адамдардын көпчүлүгү Орусияга мигрант болуп кеткен. Ал эми айласы жок болгондор ошол кылмыштуу топко кошулуп калды. Бирок мыйзамдуу өлкө болгондон кийин кылмышсыз, адилет мамлекет болушу керек. Ошондуктан мындай кылмыштуу топ менен күрөшүү туура эле», — деди Алиев.

Алиев айылдарда эки кошуна жер талашып же малдары жерине кирип кетсе, сотко же милицияга барбай, кримчөйрөнүн лидерине «адилеттүү чечип бер» деп кайрылышарын баса белгиледи.

«Кылмыш-жаза кодексинде беренелер так көрсөтүлгөн. Мыйзам жаатында жакшы эле, бирок алардын аткарылышы маселе жаратат. Менин оюмча эл аралык тажрыйбаны эске алып, кээ бир жерлерине өзгөртүү киргизүү керек. Эгемен, өнүгүп келе жаткан өлкөдө мыйзамдардын үстөмдүгү сөзсүз түрдө болушу зарыл», — деп кошумчалады депутат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM