Connect with us

Кримтөбөл Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатканы кабарланды

Кыска кабар | 4 Окт 2023 | 936 | 0

Бүгүн, 4-октябрда Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаевди (Камчы Асанбек) кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын бир катар маалымат каражаттары жазды. Социалдык тармакта видео, сүрөт тарады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расмий маалымат бере элек.

Интернетте тараган алдын ала маалыматтар боюнча, Камчыбек Көлбаевди «Блондер» кафесинде кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлүүдө. Жерине башкы прокурор Курманкул Зулушев, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да барганы кабарланды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, атайын операция учурунда жараат алгандар болду. Көлбаев жараат алган эмес.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, жеринде үч тез жардам кызматы иштеп жатат.

Кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев 2020-жылы 21-октябрда УКМК тарабынан Бишкек шаарында кармалган. Ал «Уюшкан кылмыштуу топту түзүү» беренеси боюнча айыпталган. Көлбаев 2-ноябрь күнү ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган. Март айында чет жакка кетпөө тил катынын негизинде абактан бошотулган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM