Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Тараз шаарына иш сапар менен барды.
Сапардын жүрүшүндө төрага кыргыз-казак өкмөттөрүнүн XI жыйынынын тар жана кеңири отурумуна, эки мамлекеттин аймактар аралык форумуна катышып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Иш-чаралардын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлары мерчемделүүдө.