Кыргызгидромет билдиргендей, 17-сентябрга караган түнү Ысык-Көлдө айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +24…+26 градус болот.