Бишкек шаардык соту 26-июлда Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Бишкек шаарынын административдик соту 7-июндагы чечими менен №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду аталган округдан депутат болуп шайланды деген БШКнын чечими да жокко чыгарылган.
2021-жылдын ноябрь айында Өмүрбек Бакировдун шайлоо штабынын жетекчисине добуш сатып алуу боюнча айып тагылган. 2022-жылдын декабрында депутатткка талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Равшанбек Рысбаев сотко кайрылып, Бакировду мандатынан ажыратуу боюнча арызданган.