Connect with us

УКМК: Улуттар аралык кастыкты козуткан Фейсбук колдонуучусу кармалды

Кыска кабар | 17 Июл 2023 | 365 | 0

Улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМК тарабынан улуттар, аймактар жана конфессиялар аралык негиздеги сабырсыздык көрүнүштөрүнүн фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында интернетте жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында Фуйсбук социалдык тармагында чагымчыл аккаунт аныкталган.

Ал өлкөнүн жарандарынын арасында кастыкты козуткан ар кандай тенденциялуу материалдарды системалуу түрдө жарыялап турган.

Бул аккаунт Бишкек шаарынын тургуну Ч.А.С. аттуу жаранга таандык экени аныкталган. Ал мурда да бир нече жолу улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасап, алар үчүн сот органдары тарабынан 5 суткага административдик камакка алынган, бирок көрүлгөн чараларга карабастан, өзүнүн мыйзамсыз иштерин уланткан.

Топтолгон материалдардын негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда айтылган жарандын мыйзамсыз аракеттерине соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, ага ылайык, анын басылмаларында улуттар аралык кастыктын белгилери, ошондой эле жарандардын улуту боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун белгилери бар экендиги такталган.

Буга байланыштуу 12-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүн (расалык, этностук, улуттук жана диний аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголуп, 14-июлунда Ч.А.С. кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM