Connect with us

Улуттук онкология борборунда аялдар үчүн акысыз текшерүү жүргүзүлөт

Кыска кабар | 5 Июл 2023 | 213 | 0

Улуттук онкология жана гематология борборунда 6-июлдан 13-июлга чейин аялдардын жатын моюнчасынын рагын аныктоо боюнча акысыз скрининг жүргүзүлөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызмаатынан билдиришкендей, кароо Кытайдан келген Нанкин медициналык университетинин адистери тарабынан жүргүзүлөт.

Жатын моюнчасынын рагына текшерүүдөн өтүүнү каалагандар күн сайын саат 9:00-12:00 жана 14:00-17:30 чейин онкология борборуна (2 корпус, 2-кабат, 217-бөлмө) бара алышат. Жанында өздүгүн тастыктаган документ болушу керек.

Кабыл алуу 0550585756, 0706307750 телефондору аркылуу алдын ала жазылуу менен жүргүзүлөт.

Аялдарды жатын моюнчасынын рагына текшерүүдөн өткөрүү боюнча макулдашуу 27-июнда саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын кытайлык профессорлор Чжан Лей жана Ченг Виньцзюнь баштаган адистердин делегациясы менен жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM