Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев демилгелеген малга салык салуу мыйзам долбоору 22-майда коомдук талкууга чыгарылды.
Мыйзам долбоордо 40 кой-эчки, 3 уй, 2 жылкыдан өйдө малы барларга салык салуу каралган. Эгер долбоор кабыл алынса, малы көптөр 1 кой же эчки үчүн 100 сомдон, 1 бодо (уй, топоз, жылкы) үчүн 250 сомдон төлөөгө өтөт.
Малына салык төлөгөндөр от акыдан (жайыт салыгынан) бошотулат.
Чогулган салык жергиликтүү бюджетке түшөт.