Биз менен байланышыңыз

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясы акыйкатчылыкка Бакыт Рысбековду сунуштады

Кыска кабар | 17 мая 2023 | 349 | 0

Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы акыйкатчы кызматына Бакыт Рысбековдун талапкерлигин сунуштады. Ал буга чейин Кыйноолордун алдын алуу борборунун директору кызматын аркалап келген.

Тармактык комитет акыйкатчы кызматына фракциялар тарабынан сунушталган талапкерлерди угуп, аларды парламенттин жалпы жыйынына сунуштады.

Эреже боюнча акыйкатчы кызматына талапкерлерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтүп, жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен тандап алат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы жана «Мекенчил» тобу акыйкатчы кызматына Жамиля Жаманбаеваны талапкер катары сунуштаган. Кулира Кубатованы «Ыйман Нуру» фракциясы көрсөткөн.

15-майда Жогорку Кеңештин төрагасына жана фракция башчыларына Акыйкатчы институтунун 57 кызматкери кол койгон кайрылуу жөнөтүлгөн. Анда институттун жалпы жамааты акыйкатчы кызматына учурдагы аппарат башчы Аскат Азарбековду шайлап берүүсүн өтүнүп жатышканы жазылган.

Бирок комитеттин кечээки жыйынында алар сунуштаган жарандын талапкерлиги каралган жок.

Эске салсак, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу маселеси каралып, көпчүлүктүн «макулдугу» менен колдоо тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM