Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, эртең, 10-майда өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +26…+31,
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +26…+31,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +12…+14, күндүз +28…+30,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21,
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +20…+25.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +28…+30 градус болот.