Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда ардактуу конок катары Москвадагы Жеңиш парадына катышууда. Параддын жүрүшүн жергиликтүү медиалар түз алып беришүүдө.
Москвадагы Жеңиш парадына Садыр Жапаровдон тышкары Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Беларусиянын президенттери жана Армениянын примьер-министри да катышууда.
Эске салсак, Садыр Жапаров расмий сапар менен Орусияга 7-майда учуп кеткен. Сапардын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, биргелешкен билдирүү кабыл алышкан.