Биз менен байланышыңыз

Бир жумада 20 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Кыска кабар | 8 мая 2023 | 185 | 0

Кыргызстанда 29-апрелден 5-майга чейин 20 миң 817 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын билдиришти.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу -247;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -192;

-Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-63;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 318;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 6 миң 95;

-Авто ээнбаштык — 14;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 2 миң 989;

-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 4;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 миң 895;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 351 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM