Connect with us

1-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 30 Апр 2023 | 436 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 1-майда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан жаабайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…20,

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +25…+27 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM