Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясы менен «Мекенчил» депутаттык тобу Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы боюнча маселени карады.
Жыйында депутат Айбек Алтынбеков өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасына коррупция менен күрөшүүнүн механизмдери камтылышы керектигин айтып, курулуш системасындагы паракорчулуктарды мисал келтирди.
«Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууга тоскоолдук болгон жалгыз нерсе — коррупция. Ар бир министрлик өзүндөгү коррупция менен күрөшпөсө, бул программаны ишке ашыра албайбыз. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы 10% акчаны алмайынча эч кимге утту деген чечим бербейт. Билим берүүдө ар кандай акча топтооолор бар. Андан сырткары Транспорт министрлигиндеги заманбап таразалардын өлчөмдөрү, аларды таптакыр жоюу керек же жакшы иштетүү керек. Коррупция жоюлмайынча өнүгүү болбойт».
Депутат Элдар Сулайманов өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө көңүл буруп, Баткен облусунда иштеген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча төлөмдөрдү берүү зарылчылыгын көтөрдү.
Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоодо депутаттар жалпысынан социалдык-экономикалык маселелерге, анын ичинен аймактардын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө, калктын ичүүчү жана сугат сууга жеткиликтүүлүгүн камсыздоого, социалдык төлөмдөргө жана жеңилдетилген кредиттерге өзгөчө көңүл бурушту.