Connect with us

Боом капчыгайында кайрадан өрт чыкты

Кыска кабар | 26 Апр 2023 | 219 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Бүгүн, 26-апрель күнү Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылында куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жерине облустук башкармалыктын башчысы жетектеген штаб тартылган. Мындан сырткары өрттү өчүрүүгө жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылды.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен түшкү саат 12:37де чектөөгө алынып, өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжолдуу аянты 70 сотыхты түзөт.

24-мартта жана 25-мартта Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-2 айылында өрт чыгып, жалпы 55 гектарга жакын аянтты каптаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM