«Кумтөр Оперейтинг Компани»жабык акционердик коомунун акцияларын 100 пайыз мамлекетке өткөрүп берүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 15-апрелдеги жыйынында белгилүү болду.
«Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасы мурда «Кумтөр» долбоору боюнча башкаруучу компания болгон. Азыркы учурда бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда, алардын долбоордук компаниясы катары «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКты аныктоо болжолдонот. Ушуга байланыштуу анын акцияларына тикелей мамлекеттик ээлик кылуу зарылдыгы келип чыкканы айтылды.
Ошентип, өкмөттүн чечими менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик «Кумтөр Оперейтинг компанинин» акционери болуп калат.
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 17 тонна 305 кг алтын өндүрүп, анын 17 тонна 284 кг сатуу менен 986 млн 511 миң доллар киреше тапкан.
Ишкана ошондой эле, өткөн жылы мамлекетке 32 млрд сомдон ашуун салык жана башка төлөмдөрдү төккөн.
«Kумтөр Голд Компани» быйыл 14 тоннадан ашуун алтын өндүрүү планын койгон.