«Аэрофлот» авиакомпаниясы ушул жылдын май айында Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамды кайрадан жандантат. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, биринчи каттам болжол менен 2-майда аткарылат.
Ысык-Көлдөн Москванын «Шереметьево» аэропортуна жумасына 2 жолу аба каттамдар аткарылаары күтүлүүдө.