Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүгө кол коюлду

Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 256 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык унааларды чыгаруу жөнүндө» макулдашууну бекитти. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Документти Жогорку Кеңеш 15-мартта ратификациядан өткөрүп берген. Бул макулдашуу Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташуу жана коммерциялык унааларды чогултуу өндүрүшүн уюштуруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Долбоорду ишке ашыруу республиканын автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүгө, ИДПдагы өнөр жайдын үлүшүн көбөйтүүгө, автопаркты жаңылоого түрткү берет деп күтүлүүдө. Мындан тышкары 2000 жумуш орун түзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM