Биз менен байланышыңыз

Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жер-жерлерде түшүндүрүлүп жатат

Коом | 20 Апр 2023 | 1256 | 0

Талаш пикирлерди жараткан «Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун 27-29-пункттары боюнча учурда аймактарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Айыл чарба министрлиги билдиргендей, өлкөнүн бардык жеринде атайын жумушчу топтор түзүлүп, маалымат жеткирүү аракети көрүлүүдө. Буга чейин президенттин тапшырмасы менен жобонун 27-пункту алып салынган. Себеби бул пункт жер амнистиясын толук ишке ашырууну бир топ татаалдаштырып жатканы айтылган. Мындан сырткары жобого дагы кайсы өзгөртүүлөр киргизилди?

2022-жылдын 1-апрелинде «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам кабыл алынып, 31-майда Министрлер кабинетинин токтому менен «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобо бекитилген. Айыл чарба министрлигинин жаратылыш ресурстары башкармалыгынын башчысы Адилет Расулов жобонун негизинде жерге мунапыс берүү тартибин айтып берди.

«Жер мунапысына каралган жер тилкелерин мыйзамдаштырууга багытталган укуктук-ченемдик акт түзүлгөн. Жер мунапысын алууга 2021-жылдын 1-декабрына чейин өзүм билемдик менен үй куруп алгандар жана курулушу бүтө элек жарандар, айдоо жерлерди башка категорияга которууга (трансформациялоого) мораторий киргизгенге чейин, тактап айтканда, 2019-жылга чейинки айыл өкмөтүнүн которуу чечими барлар, айыл чарбага жараксыз жерлер, багбанчылык жер тилкелери, «кызыл китеп» алгандар кирген».

Расулов жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 2023-жылдын 29-мартында өзгөртүүлөр киргизилгенин маалымдады.

«29-пунктка да өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, райондук комиссия түзүлүп, жарандардын арызынын негизинде корутунду чыгарарда бир нерсе эске алынууга тийиш. Жер тилкеси башка кишиге бекиген болсо, 29-пункттун негизинде которуп, трансформациялап, айыл өкмөтүнө жиберет. Айыл өкмөтү тарабынан жер тилкесинин биринчи менчик ээсинин макулдук каты суралат. Кат жок болсо, токтом чыгарып, Мамлекеттик каттоо кызматына жөнөтөт. Алар макулдук катынын жоктугунан үчүнчү графага өзгөртүү киргизип, чектөөнүн негизинде мамлекеттик актыны берет. Менчик укук сакталганына байланыштуу чектөө киргизилет, ал ээсинин макулдугу менен же сот тарабынан гана алынат».

Мындан сырткары өзгөртүүлөргө ылайык, жобонун 27-пункту алып салынган. «Трансформация» кыймылынын башкы координатору Бекназар Айталиев аталган токтомдун 27-пунктун кайра киргизүүнү сунуштаган. Ал жер ээсинин укуктарын коргой турган пункттардын бири экенин айткан.

«Бул токтом адам укуктарына, Конституциядагы жарандык укуктарга, Жер кодексинин укуктарына жана жеке менчик укуктарына таянган олуттуу пункттардын катарын толуктайт. Аны алып сала турган болсок, башка адамдардын жеке менчикке болгон укугу кайда кетет? 27-пункт иштесин. Коррупциялык ишке аралашкан жерлерде «чайкоочулар» бирөөнүн жерин басып алып, бирөөгө сатып кылмышка бара турган учурда 27-пунктту иштетпей эле атайын комиссия түзүп, кароо керек».

Министрликтин өкүлү Адилет Расулов 27-пунктту алып салуу менен жер ээсинин укуктары корголбой калат деген пикирди четке кагат. Анын айтымында, пункт Конституцияда менчик укугу боюнча бекиген жана башка мыйзам менен корголот.

«Анда мунапыс жүргүзүүдөгү айрым корутундулар алынган. Ошондой эле токтомдун 27-пункту алып салынды. Ал пункт Конституцияда менчик укугу боюнча бекиген жана башка мыйзам менен корголот. Бул жактан эч ким чектөө койгон жок. Биз булар боюнча учурда өлкө кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. Алар элге туура маалымат таратууда».

Жер маселеси Садыр Жапаровдун 5-мартта Ак-Ордо жаңы конушуна баргандан кийин актуалдашкан. Жергиликтүү тургундар аталган токтомдогу 27-пункт жер амнистиясын толук ишке ашырууга бир топ тоскоолдук жаратып жатканын билдиришкен.

Мындан улам мамлекет башчы жергиликтүү жетекчилерге мындан ары жарандардын жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуусуна жол бербөө талабын койгон.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, жер мунапысы боюнча жалпы 90 миңден ашык арыз түшкөнүн белгилеп, 350 гектардан ашык жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт, тагыраагы, кызыл китеп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM