Президенттик аппараттын алдындагы Мамлекеттик курулуштар департаменти Бишкекке кофекана курууга сынак жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун сайтында маалымдалды.
Бардык кызыкдар тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн «Жеңил металл конструкцияларынан кофекана куруу» долбооруна сынакка катыша алат. Имарат Бишкек шаарындагы Манас проспекти, 28 дарегинде жайгашкан.
Арыздар 2023-жылдын 14-майына чейин кабыл алынат.