Быйылкы ажылык сапарга барып келүү акчасы жан башына 3900 доллардан деп белгиленди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы билдирди.
Ажылык үчүн төлөмдөр 12-апрелден тарта кабыл алына баштайт.
Буга чейин 1000 доллар төлөп, электрондук кезекке туруп койгондор 12-апрелден 17-апрелге чейин «РСК Банк» аркылуу калган 2900 долларды берүүгө тийиш.
Учурда 5 миң 960 адам электрондук кезекте турат. Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстандан ажылыкка бара тургандар үчүн 6 миң орун бөлгөн.