Connect with us

Балбан Акжол Махмудов Азиянын үч жолку чемпиону болду

Кыска кабар | 10 Апр 2023 | 386 | 0

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утуп алды. Ал грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышты.

Алгач түркмөнстандык балбанды 9:0 эсебинде жеңип, жарым финалга өткөн. Анда япониялык Кодай Сакураба менен күрөшүп, атаандашын 9:1 эсебинде утту.

Ал эми финалда Акжол Махмудов ирандык балбан Амин Явар Кавиянинежад менен кармашмак. Бирок ирандык спортчу бутунун жараатынан улам күрөшө албай турганын билдирип, алтын байге Акжолго берилди.

Акжол Махмудов 2018-жылы жана 2022-жылы өткөн Азия чемпионатында алтын байгеге татыган. Муну менен ал Кыргызстандын тарыхында 3 жолу Азия чемпиону болгон алгачкы спортчу катары тарыхка кирди.

Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM